Оштун мэри стоматологиялык поликлиникада башкы дарыгер тууралуу жамааттын үнүн укту

  • 11 месяцев мурун

Ош шаардык балдардын №2 стоматологиялык поликлиникасынын кызматкерлери жаңы дайындалган башкы дарыгерге нааразылыгын билдирип, жабык добуш берүү аркылуу өз позициясын ачыкташты.

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев поликлиника жамааты менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу оорукананын жалпы жамаатынын атынан Кыргыз Республикасынын Президентинин атына жазылган кайрылууга байланыштуу уюштурулган. Кайрылууда 65 жаштагы Талантбек Төрөкановдун башкы дарыгер болуп дайындалышына каршы пикирлер айтылып, жамаат буга нааразы экенин билдирген.

Поликлиникадагы 60тан ашуун кызматкер бул чечимге каршы арыз жазышкан. Алар Төрөкановдун бул кызматка келишине каршы негиздерин келтиришип, кадрдык саясатта жамааттын пикири эске алынбай жатканын белгилешкен.

Мэр Токторбаев маселе жамаат менен сүйлөшүүнүн негизинде чечилерин билдирип, кызматкерлерден оюн ачык айтууну суранды. Ошол эле учурда кызматкерлер пикири үчүн куугунтукка алынбаш үчүн жабык добуш берүү өткөрүүнү сунушташты.

Жабык добуш берүүдө кызматкерлердин 26сы башкы дарыгердин иштөөсүнө каршы болуп, 6сы макул жана 4ү калыс калган.

Жеңишбек Токторбаев добуш берүүнүн жыйынтыгын жогорку бийлик органдарына жамааттын расмий пикири катары жеткирерин билдирди. Ошондой эле, жамаатты ынтымакта иштөөгө жана кызматтык тартипти сактоого чакырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты