Оштогу сел: 7500 керектөөчү жарыксыз калууда
- 7 месяцев мурун
Бүгүн, 2024-жылдын 14-июлунда Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында жүргөн катуу селдин кесепетинен Кара-Суу районунун Мады айылында 7500 керектөөчү жарыксыз калууда.
Бул тууралуу энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул аймактан 8 даана электр тирөөчтү сел агызып кеткен.
Кара-Суу районунда жайгашкан 110/10 кВ Беш-Мойнок көмөк чордонуна сел киргендиктен, Фуркат, Подсобный, Ачы, Коровник фидерлери чыңалуусуз калган.
Мындан тышкары Ош шаарындагы сел Ак-Буура дарыясынын боюндагы 1 даана электр мамычасын агызып кеткен.
Азыркы учурда керектөөчүлөргө башка көмөк чордондон электр энергиясын берүү боюнча жумуштар аткарылууда. Жалпы 26 персоналдан турган авариялык оңдоп түзөө бригадалары иштеп жатат.
6 даана атайын техника — 4 даана бригадалык автоунаа, 1 даана экскаватор, 1 даана камаз жумушка тартылды.
Мындан тышкары Ош электр тармактар ишканасынын кызматкерлери көмөк чордондогу селдин калдыктарын, таштандыларды тазалоо иштерин жеринде жүргүзүшүүдө.
Сүрөт: Энергетика министрлиги