Ошто жыгач базардан өрт чыкты (Видео)
- 2 года мурун
- Видео
21-сентябрдан 22-сентябрга караган түнү Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө базардын аймагында жыйылган жыгачтардан өрт чыкты.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 03:38де Ош шаардык №12 өрткө каршы бөлүктөн 1 бөлүм жана жалпысынан 5 бөлүм тартылгандыгы айтылды.
Касымбеков көчөсүндө жыгач базардан чыккан өрт саат 04:44тө чектөөгө алынган. Толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалды.
Сүрөт: Видеодон.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!