Ошто жертөлөдөн чыккан өрттөн улам 15 жаран коопсуз жайга чыгарылды
- 4 месяца мурун
Бүгүн, 2-январда, Ош шаарындагы Раззаков көчөсүнүн №20 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жертөлөсүнөн өрт чыккан.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 12:15де бир бөлүм тартылган.
“Өрт өчүрүүчү куткаруучулар тарабынан 15 жаран коопсуз жайга чыгарылып, тилсиз жоо саат 12:41де өчүрүлдү. Өрттөн жабыркагандар жок” деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү