Ошто жердин мыйзамсыз жеке менчикке берилиши боюнча кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан коргоо министрлигинин Ош турак-жай пайдалануу бөлүгүнүн жана Ош шаардык мэриясынын кызмат адамдары тарабынан “коргоо жерлери” категориясына кирген баасы 1 млн. сомдон ашык жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен фактысы аныкталды.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз борбору билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бул факт боюнча жооптуу кызмат адамдарга кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты