Ошто жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча комиссиянын жыйыны өттү
- 1 год мурун
Ошто жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, комиссия 12-мартта Ош шаарында, Кара-Суу жана Алай райондорунда болгон жер титирөөдөн кийин социалдык объектилердин жана турак жайлардын жабыркаган деңгээлин аныктоо иштерин жүргүзөт.
Комиссиянын төрагасы болуп Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов дайындалды. Анын курамына президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү кирди.
Коюлган тапшырмалардын негизинде комиссиянын мүчөлөрү 19-марттан 24-мартка чейин жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды өткөрүп, келтирилген чыгымдарды баалап жана компенсациянын өлчөмүн аныктайт.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 12-март күнү саат 09:11де Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен 24 турак үй жана 17 социалдык объект жабыркаган. Алардын ичинде 14 мектеп, 2 бала бакча жана 1 ФАП бар.




