Ошто жер титирөө катталды

  • 3 месяца мурун

Ошто жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-январда саат 11:32де Ош облусунун аймагында күчү 3 магнитудасына жеткен жер титиреди.

Ноокат районунун Ноокат, Чапаев айылдарында 3 баллга (Чапаев айылынан 3 чакырым батышта, Фрунзе айылынан 3 чакырым чыгышта, Ноокат айылынан 5 чакырым түндүк батышта, Ош шаарынан 32 чакырым түштүк батышта) чейин сезилди.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты