Ысык-Көл облусунда жер титиреди

  • 1 месяц мурун

Илимдер академиясынын Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, бүгүн, 23-октябрда, саат 13:20да Ысык-Көл облусунда жер титиреди.

Жер титирөөнүн очогу Тескей Ала-Тоосунда, Тогуз-Булак айылынын  түштүк-батышынан 13 чакырым, Коңур-Өлөң айылынын түштүк-чыгышынан 14 чакырым, Бөкөнбаев айылынын түштүк- батышынан 30 чакырым алыс жерде болгон.   

Жер титирөөнүн күчү Тогуз-Булак, Коңур-Өлөң, Комсомол, Көк-Сай, Темир-Канат айылдарында 3 балл, Бөкөнбаев, Төрт-Күл, Туура-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты