Бишкекте жер титиреди

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 12-сентябрда, саат 13:57де Кыргызстанда жер титиреди. Жер титирөөнүн күчү очогунда 4,5 баллга жакын болду. Бул тууралуу Илимдер академиясынын сейсмология институту билдирди.

Анын маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Төмөнкү-Серафимовка айылынын чыгышынан 60 чакырым, Тоолуу Маевка айылынын түштүк-батышынан 20 чакырым, Бишкек шаарынын түштүк-чыгышынан 20 чакырым жерде, Ысык-Атанын жер кыртышынын жаракасында болгон.

Бишкек шаарында, Тоолуу Маевка, Арашан, Төмөнкү Серафимовка айылдарында жер титирөөнүн күчү 4 баллга жеткен.

Шаардыктардын байкоосуна караганда, Бишкекте жер титирөө адаттагыдай силкинбей, башкача, дүңгүрөп титиреди.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты