Ошто талапкерлер шайлоону таза өткөрүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

  • 2 года мурун

Бүгүн, 19-ноябрда Ошто парламенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлердин жыйыны болуп өттү. Жыйында талапкерлер добуш сатып алууга жана административдик ресурстун колдонулушуна жол бербөөнү макулдашып, биргелешкен меморандумга кол коюшту.

Жыйынга партиялык тизме менен жана бир мандаттуу округдардан катышып жаткан талапкерлер, Борбордук жана аймактык шайлоо комиссияларынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Үгүт учурунда катталып жаткан мыйзам бузуулар тууралуу сөз болуп, окуучулардын үгүткө катышуусу, мамлекеттик кызматкерлердин аралашуусу сыяктуу көрүнүштөр бар экени, мындан ары эрежелерди сактоо керектиги айтылды.

Шайлоону таза өткөрүү тууралуу меморандум юридикалык мүнөзгө ээ эмес, ал адатта талапкерлер ортосундагы «мырзалык келишим» катары кабыл алынып жүрөт.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Сүрөт: «Азаттык» радиосу

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты