Ошто шайлоочуларды ташып келген делген автобустун айдоочусу кармалды

  • 3 года мурун

Ошто шайлоочуларды ташууга шек саналган автобустун айдоочусун милиция кармап кетти. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

«Бизге шайлоо участкага кишилерди маршрутка менен ташып жатат деген маалымат түшкөн. Азыр бөлүмгө алып барып сурайбыз. Маалымат чын чыкса, чара көрөбүз», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин №4316 шайлоо участкасында шайлоочулар ташылып жатканын Фейсбук колдонуучулары жазган.

Ош шаардык милициянын маалыматына караганда, бүгүн жалпысынан шайлоого байланыштуу эки маалымат түшкөн. Алардын бири шайлоо күнү үгүт жүргүзүү, экинчиси шайлоочуларды жапырт ташууга байланыштуу.

Ал эми үгүт иштеринин жүрүшүндө жалпысынан 31 маалымат катталган. Анын ичинен өндүрүштө алты материал бар, сотко беш материал жөнөтүлдү. Тергөө учурунда ырасталбаганы үчүн беш материал кыскарды. Жети материал аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлдү. Сегиз материал башка материалдарга бириктирилген.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Сүрөт: Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты