Ошто сарайдан өрт чыкты
- 1 год мурун
Бүгүн, 22-мартта, Ош шаарынын Абишев атындагы көчөдө жайгашкан сарайдан өрт чыкканын өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, өрттү өчүрүүгө Оштон, Кара-Суудан жалпы 3 бөлүм тартылып, үч жарым саатка жакын убакыттан бери өчүрүү менен алышып жатышат.
Өрттүн себеби такталып жаткандыгы, кошумча маалымат берилери белгиленди.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




