Ошто кайгуул милициясынын инспектору кармалды
- 12 месяцев мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иликтөө бөлүмү менен бирге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул милициясынын инспектору К.Т.К нын кызмат абалынан кыянат фактысын аныктады.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
5-июлда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул милициясынын инспектору К.Т.К. рейд учурунда Chevrolet Spark үлгүсүндөгү унааны токтоткон. Унаанын айдоочусу мас абалында болуп, анын айдоочулук күбөлүгү (1 жылга ажыратылган) жана транспорттук каражаттын техникалык паспорту жок болгон.
Аталган мыйзам бузууларга карабастан, инспектор К.Т.К. Ош облустук наркологиялык борборго текшерүү үчүн мас айдоочунун ордуна, унаа жүргүнчүсүнүн жеке маалыматтарын жөнөткөн. Мындан улам, экспертизанын жыйынтыгында чыныгы мыйзам бузган айдоочу жоопкерчиликтен бошотулган.
Кайгуул инспектору мыйзам бузуучуга тиешелүү чара көрбөй бошотуп жиберген. Мындан тышкары, тиешелүү протоколдорду түзбөстөн, унааны айдоочуга өткөрүп берген.
23-июлда К.Т.К. УКМКнын жана ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан тергөө иштерин жүргүзүү үчүн чакырылды.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен К.Т.К. кылмыш-жаза кодексинин 96 жана 97-беренелеринин негизинде кармалып, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




