Ошто күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 2 года мурун

Ош облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 10-февралда саат 14:44тө катталып, Алай районунун Сары-Таш, Арча-Булак айылдарында 4 балл, Сары-Могол, Кара-Киндик, Бор-Дөбө, Талды-Суу, Ак-Босого, Кызыл-Алай, Кичи-Каракол айылдарында 3 балл, Сопу-Коргон, Жергетал, Көлдүк, Чий-Талаа айылдарында 2,5 балл, Чоң-Алай районунун Чоң-Каракол айылында 3 балл, Кара-Кабак, Кара-Кыр, Кашка-Суу айылдарында 2,5 балл, Кара-Суу районунун Кожокелен айылында 3 балл, Араван районунун Кичи-Алай жана Чөгөн айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка караганда, кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты