Ошто аткезчиликке шектелген топ кармалды

  • 2 недели мурун

УКМК Ош облусунда уюлдук телефондорду жана тыюу салынган дары-дармектерди мыйзамсыз ташып жүргөн кылмыштуу топтун ишин токтотту. Алар Кыргызстанга аткезчилик жол менен товарларды алып келип, мамлекеттик чек аранын аялуу тилкелери аркылуу Өзбекстанга чыгарууга аракет кылышкан.

Экономикалык контрабанда фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тинтүү жүргүзүлүп, натыйжасында бажы төлөмдөрүн төлөбөй алып келинген «iPhone» телефондору жана дары-дармектер табылып, далил катары алынган.

Кылмыштуу топтун уюштуруучулары жана активдүү катышуучулары М.А.А., Г.Ж.П. жана М.О.Ш. аттуу жарандар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жана бул ишке байланышкан башка адамдарды дагы аныктоо иштери улантылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты