Ошто активисттер казиного каршы акция өткөрдү

  • 2 года мурун

Ош шаарындагы акцияга 10 чакты активист катышты. Алар “Ош казиного каршы” деген баракчаларды кармап турушту.

Жогорку Кеңеш чет элдик жарандар үчүн казино ачууга жол берген мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон.

Кумарканаларды юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр ача алат. Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат. Каржылык көзөмөл кызматынын башчысы Улан Сарбановдун айтымында, курманканалар үчүн салык жыл сайын көтөрүлүп, болжол менен казынага 2022-жылы 1 млрд. сомдон ашык, 2024-жылы 2 млрд. сомдон ашык каражат түшөт.

2021-жылы депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап, талаш-тартыштардан кийин артка кайтарып алган.

Президент Жапаров кызуу талкуу жараткан казинолор тууралуу мыйзамды колдогондугун билдирген.

Өлкөдө кумар оюндарына мындан он жыл мурда мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты