Ош жана Баткен облустарында баңгизат сатууга шектелгендер кармалды

  • 1 год мурун

17-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) менен ички иштер министрлигинин  (ИИМ) баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын биргелешкен ыкчам иш-чарасынын натыйжасында, өзгөчө ири өлчөмдө баңгизатын сактоого жана сатууга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалган.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, 1988-жылы туулган А.А.Н. уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ош облусунун аймагында баңгизат сатуу менен алектенгени аныкталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө контролдук сатып алуулар жүргүзүлдү. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат жалпы салмагы 1 килограммга жакын гашиш болуп чыкты.

17-февралда биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү Баткен шаарынын аймагында кармалып, жаза-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, убактылуу кармоо жайында  киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ош жана Баткен облустарында баңгизат сатууга шектелгендер кармалды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты