Ош: «Ыйман Нуру» партиясынын үгүтчүлөрү шайлоочуларды сатып алууга шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Ош шаарында «Ыйман Нуру» партиясынын үгүтчүлөрү шайлоочуларды сатып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтен билдиришкендей, тергөөнүн жүрүшүндө аталган партиянын үгүтчүсү штабдын Алмагүл аттуу жетекчисинен шайлоочуларды сатып алуу үчүн 40 миң сом алганын айткан.

«Үгүтчүнүн автоунаасынан акча жана «Ыйман Нуру» партиясынын буклеттери табылды. Башка үгүтчүлөр дагы шайлоочуларды сатып алуу үчүн аларга акча беришкенин билдиришти. Штабдын жетекчиси «Ыйман Нуру» партиясынын үгүт өнөктүгүн өткөрүүгө жардам бергенин мойнуна алды. Бул үчүн ал штаб ачып, ал жерден ар бир шайлоочуга миң сомдон тараткан», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 192-беренеси (Шайлоочуларды сатып алуу) боюнча катталган. Анын негизинде эки адам кармалып, Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты