«Ош ТВ» Ош шаарынын мэриясына өткөрүлүп берилди

  • 2 года мурун

 “Ош ТВ” телерадиокомпаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун 100 % мамлекеттин үлүшү Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды. 

Аталган чечим “Ош ТВ” телерадиокомпаниясын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.  

Жалал-Абад шаардык соттун 2011-жылдын 28-октябрындагы чечимине ылайык “Ош ТВ” телерадиокомпаниясы жоопкерчилиги чектелген коому мамлекеттин пайдасына конфискацияланган. 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду мындан ары телерадиокомпаниянын ыйгарым укуктуу жалгыз учредители болуп саналат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты