Ош шаарында жаңы тепкичти бузган жаран табылды

  • 1 месяц мурун

Ош шаарынын Рысбай Абдыкадыров атындагы көпүрөсүнүн (Алымбек датка көчөсү тарабындагы) бир тарабындагы жаңы жасалган тепкичти талкалаган жаран кармалды.

Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул ишке тиешеси бар 1982-жылы туулган аял шектүү катары “Сулайман-Тоо” милиция бөлүмүнө жеткирилгени айтылат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган аял ошол даректеги бизнес-борборго иши менен келип, жумушу бүткөндөн кийин өзүнүн “Lexus-570” үлгүсүндөгү унаасы менен тепкичти сүзүп алганын билдирген. Ал коркуп кетип, окуя болгон жерден кетип калгандыгын айткан.

Айдоочу келтирилген чыгымды төлөп берген. Мындан тышкары айдоочуга Ош шаардык ИИБинин  кайгуул кызматы тарабынан жол-транспорт кырсыгын жаратып, материалдык зыян келтиргендиги үчүн 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Иллюстрациялык сүрөт: Ош мэриясынын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты