Ош шаарында унаа базары оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды
- 12 месяцев мурун
Бүгүн, 20-июлда, Ош шаарындагы Көкүм бий көчөсүндөгү унаа базары капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ачылыш салтанатына Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, шаар тургундары катышты.
Келген конокторго маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.
Маалыматта айтылгандай, жаңыдан капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөн Ош унаа базарында унаа токтотуучу жайлар асфальтталып, үстү жабык кошумча тосмолор, коомдук тамактануучу жайлар, даараткана жана административдик имараттар жаңыдан курулуп, айланасы атайын тосмо менен тосулуп, кире беришине автоматтык төлөм системасы орнотулган.
Сүрөт: Ош мэриясынын басма сөз кызматы




