Ош шаарында улуттук биринчи музей фестивалы өтүүдө   

  • 1 год мурун

Бүгүн, 27-мартта, «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде улуттук биринчи музей фестивалы өтүп жатат.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Фестивалга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, облус жана шаарлардагы музей кызматкерлери, өнөктөштөр, Ош шаарындагы маданият мекемелери жана сүрөтчүлөр катышууда. Фестиваль 3 күнгө созулат.

Анда музей кызматкерлеринин катышуусунда заманбап иш алып баруунун шарттары, тажрыйба алмашуучу бет ачарлар сунушталып, музей жаатындагы актуалдуу темалар көтөрүлмөкчү.

Фестиваль көргөзмө менен коштолууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты