Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты  

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 22-августта, Ош шаарынын Салиева көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 5-кабатынан өрт чыкты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалра министрлиги (ӨКМ) билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, өрт өчүрүүчүлөр жеринде иш алып барууда. Өрт саат 10:46да чектөөгө алынды, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Өрт кырсыгы катталган көп кабаттуу үйдөн куткаруучулар жарандарды эвакуациялады.терине саат 09:51де Ош шаардык №13 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган. Кошумча саат 10:04тө дагы 1 бөлүм жана авто шаты тартылып, жалпы 2 бөлүм иш алып барууда.

Мындан тышкары, саат 10:30да Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана штаб тартылды.

Өрт саат 10:46да чектөөгө алынып,11:47де өчүрүлгөн. Өрттүн аянты болжол менен 40 ч.м. түзүп, жалпы 168 адам эвакуацияланган. Жабыркагандар жок.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты