Ош шаардык РЭТ кызматкерлерине кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан, Ош райондук электр тармактар ишканасында коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Анда мамлекетке жалпысынан 1 млн 372 миң 476 сомдук зыян келтирилгендиги аныкталган.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүдө, Ош райондук электр тармактар ишканасынын (Ош РЭТ) кызматкерлери иш жүзүндө аткарылбаган жумуштар боюнча расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү менен 2020-2021-жылдар аралыгында электр жабдуулары жана материалдык баалуулуктар негизсиз чыгымдалып каражаттарды өз кызыкчылыктарына иштетип жиберишкендиги аныкталды.

Натыйжада мамлекетке жалпысынан 1 млн 372 миң 476 сомдук зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан шаардык РЭТнин жооптуу кызматкерлерине кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты