Ош-Раззаков автожолунда селден көпүрө кулап түштү
- 3 месяца мурун
Селден кийин тазалоо иштеринин учурунда бүгүн, 30-июнь күнү саат 20:30дар чамасында Ош-Раззаков жолунун 65-чакырымындагы Найман көпүрөсү урап түшүп, жол каттамы үзгүлтүккө учурады.
Кулаган көпүрөдөн жабыркаган адамдар, техникалар жок.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар (ӨКМ) министрлиги билдирди.
ӨКМ Ош-Баткен жолу убактылуу жабылгандыктан, жүргүнчүлөргө убактылуу жолго чыкпай турууну эскертти.
Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагында 28-июнда саат 16:10до нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Апшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүргөн. Сел көпүрөлөрдү, электр мамычаларды агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген.
Исанов, Көк-Жар, Апшыр Ата айыл аймактарда 9 900 турак үй бар, анын ичинен 185 үй сайдын жээгинин үстүндө жайгашкан.
Сел суулары нугунан ашып, сайдын ичинде эс алып отурган 7 адамды сел суусу агызып кеткендиги маалымдалган.
Селдин кесепетинен жалпысынан каза болгондордун саны 9 кишиге жетти.
Сүрөт: ӨКМ