Ош облусунун Кызыл-Кыштак айылындагы үйдөн өрт чыкты
- 2 года мурун
Бүгүн, 6-августта, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылындагы Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты.
Алдын ала маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 09:24тө жалпысынан 4 бөлүм тартылды.
Тилсиз жоо саат 9:59да чектөөгө алынды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү