Ош облусунда жер титиреди

  • 1 год мурун

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 23-февралда саат 06:37де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4,5 балл, Нура жана Эркечтам айылдарында 4 баллга чейин сезилген.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Интерфакс агенттигинин маалыматы боюнча, Тажикстандын Кытай менен чектешкен жагында, 7,2 баллга чейин жеткен жер титирөө болгон.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты