Ош облусунда жер титиреди
- 2 года мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 19 октябрда саат 16:09да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Өзгөн районунун Салам-Алик, Байбиче, Кара-Дөбө айылдарында 3 баллга жана Жерге-Тал айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар катталган жок.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү