Ош облусунда 6 кг ашуун баңгизат ташыган киши колго түштү
- 2 года мурун
Баңгизаттарга каршы эл аралык операциянын алкагында Ош облусунда 6 кг ашуун “гашиш” курьер кармалды.
Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ош облусунун Өзгөн районунун Анакызыл айылында Жалал-Абад шаарынын тургуну, 1966-жылы туулган П.В. аттуу жарандын баштыгынан Афганистанда өндүрүлгөн жалпы салмагы 6 кг 932 гр түзгөн “гашиш” баңгизат каражаты менен 9 даана скотч менен оролгон таңгак табылып алынган.
Азыркы учурда бул кылмышка тиешелүү тараптарды аныктоого атайын тергөө
аракеттери өткөрүлүүдө.
![Ош облусунда 6 кг ашуун баңгизат ташыган киши колго түштү<br>](https://pk.kg/wp-content/uploads/2022/07/ba-gizat-menen-.jpeg)
Муну бөлүшүү