Ош облкапиталдык курулуш экс-жетекчиси, башкы инженер, эсепчи жана подряддык уюм жетекчиси кармалды

  • 11 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.А.Ж.ны, башкы инженер Т.Д.Ж.ны, башкы эсепчи К.С.О.ну жана “С” ЖЧКсынын подряддык уюмунун жетекчиси А.К.Б.ны Ош облусунун «Кең-Сай» конушундагы жол, суу жана электр энергиясы менен  камсыздоого тийиштүү болгон  бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу жана уурдоо фактысы боюнча кармады.

Баштапкы маалыматтар боюнча, курулуш иштерин жүргүзүү үчүн бюджеттен 657 045 900 сом каралып, анын ичинен бүгүнкү күнгө карата келтирилген зыяндын суммасы 115 407 828 сомду түзөт.

Маалыматта айтылганай, капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары ишенимдүү адамдар аркылуу бөлүнгөн бюджеттик каражаттардан подряддык уюмдарга бөлүнгөн акча каражаттарын өз каалоосу боюнча пайдалангандыгы үчүн сый акы алып турушкан. Анын кесепетинен подряддык уюмдар тарабынан курулуш иштери атайылап белгисиз мөөнөттөргө создуктурулганын, ал эми көрсөтүлгөн кызматтар жыйынтыгында сапатсыз жана өз убагында аткарылбаганын же такыр эле ойдон чыгарылган себептер боюнча белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Учурда аталган адамдар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө улантылууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты