Ош облИИБ кызматкерлери кызматтык батир бөлүштүрүүдө жасалма документ жасагандыгы үчүн кармалды

  • 7 месяцев мурун

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кызматтык батир бөлүштүрүүдө жасалма документ жасагандыгы үчүн кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 2021-жылы Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн 220 батирлүү үйдөн батир алышкан. Облустун укук коргоо органдарына батирди мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча көптөгөн даттануулар келип түшкөндөн кийин кылмыш иши козголуп, бирок иийин кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылган.

Бирок башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши кайрадан козголуп, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына өткөрүп берилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө, 2021-жылы Ош облусунун ИИБ транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги М.Ы.А. жана анын орун басары Ж.М.Р. алдыдагы кезектеги кызматкерлерди башка аймактарга атайылап которушкан. Андан кийин турак-жай жана турмуш-тиричилик комиссиясынын мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алышып, акчалай сыйлык алуу учун документтерди бурмалап, мурда кезекте турбаган адамдарды биринчи кезекке киргизишкен.

Тергөө тарабынан чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 25-сентябрында транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси М.Ы.А., анын орун басары Ж.М.Р. жана кызматкер Д.А.К. кармалып, УКМКнын Жалал- Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты