Ош базарын, Батыш жана Чыгыш автобекеттерин шаардын сыртына чыгаруу долбоорлору даярдалууда

  • 8 месяцев мурун

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Ош базарын, Батыш жана Чыгыш автобекеттерин шаардан сыртка алып чыгуу долбоорлору иштелип жатканын 2-сентябрда журналисттерге билдирди.

-Долбоорлоочулар долбоор жасап жатышат. Ош базарын дагы, Батыш автовокзалын, Чыгыш автовокзалын дагы сыртка чыгарабыз деп жатабыз. Ошондо шаардын ичиндеги сырттан келген миңге жакын микроавтобустардын шаар менен байланышы болбойт. Шаардын экологиясы да тазарат, тыгын да болбойт. Буюрса бул долбоорду жазында (2024-жылы-ред.) ишке ашырууга даярданып жатабыз.  

Ош базарындагы “Берекетке” окшогон чоң базарлардын башчылары менен сүйлөштүк, алар да каршы эмес.

Карап көрсөңүздөр, Чыгыш багытынан, Батыш багытынан – баары базарга келишет, базар деген сыртта болуш керек да. Мына, азыр Ош базарынан жанынан өтө албайбыз. Эмне кыларыбызды билбей жатабыз, жер астынан  өтмөк салабызбы, жер үстүнөн көпүрө салабызбы. Экономикалык жактан эсептеп көрсө, биз аларды сыртка чыгарганыбыз оң экен. Шаарыбыздын сырткы көрүнүшү да башкача болот. Ош базарын сыртка чыгаруу — биринчи кадам. Негизи базарларды, өнөр жай объекттерин сыртка чыгарыш керек. Ошондо шаар жашыл, кооз болуп турмакчы. Буга убакыт керек болуп турат, бул идеяны жакында эле сунуштадык, -деди Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров.

Шаар башчысы Чыгыш автобекети айланма жолго көчүрүлөт, ал жакта 8 гектар жер даяр экенин, ал эми Ош базары менен Батыш автобекетин айланма жол тарабында 100 гектар жер даярдалып жатканын кошумчалады.    

Сүрөт: Мэриянын басма сөз кызматы.       

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты