“Ош” аэропортунун аэробекет комплекс курулушуна мезгил кутусу салынды
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда, “Ош” эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.
Маалымдалгандай, аэробекеттин өткөрүү мүмкүнчүлүгү — жылына 5 миллиондон ашык жүргүнчү. Эки кабат, жер төлөсү менен курулат. Жалпы аянты 25 443 чарчы метрди түзөт.
“Бул окуя жеке эле түштүк аймагы үчүн эмес, бүтүндөй Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ” деди мамлекет башчы.
Ал жаңы аэробекет комплексинин долбоору курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыкканын белгиледи. Курулуштун башкы подрядчысы катары “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы иш алып бармакчы. Долбоорду каржылоо “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.
Сүрөт: president.kg