Орусиянын президенти чет өлкөлүк агенттер жөнүндө жаңы мыйзамга кол койду

  • 2 года мурун

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө чет өлкөлүк агенттердин макамын жөнгө салган жаңы мыйзамга кол койду.

Мындан ары бул макам чет элдиктерден каржылай колдоо алгандарга гана эмес, чет элдин таасири алдында жүргөндөргө да берилет. Жаңы эреже 1-декабрдан баштап күчүнө кирет.

Чет элдик агент макамы бар кишилерге жана уюмдарга мамлекеттик мектептерде жана жогорку окуу жайларда сабак берүүгө, өспүрүмдөр арасында агартуучулук иштерди жүргүзүүгө жана чыгармачылык ишмердүүлүк үчүн мамлекеттен каржылай колдоо алууга тыюу салынат. Аларга коомдук байкоочу комиссияларынын курамына жана шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөтүүгө бөгөт коюлат. Жалпы элдик иш-чараларды өткөрө алышпайт.

Чет элдик агенттердин төрт тизмеси бириктирилет. Ошол эле маалда мыйзамда чет өлкөлүк агенттер менен байланышы бар кишилердин жаңы тизмесин түзүү каралган. Ага чет өлкөлүк агенттерден акча алган же чет өлкөлүк агент деген макамы бар уюмдардын мүчөлөрү, жетекчилери жана кызматкерлери кирет.

Орусияда «чет элдик агенттер» жөнүндөгү алгачкы мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Ал сырттан каражат алган бардык коммерциялык эмес уюмдарды жана бийликтин көз карашына туура келбеген пикирди карманган мекемелердин баарын агент деп таанууга мүмкүнчүлүк берет. Мындай ишмердүүлүктүн критерийлери мыйзамда так аныкталган эмес. Ошондуктан бийлик тизмеге каалаган уюмдарды же каалаган адамдарды киргизип келген.

Архивдик сүрөт: APF.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты