Орусиянын премьер-министри болуп кайра дайындалган Мишустин өкмөттүн жаңы курамын сунуштайт  

  • 3 месяца мурун

Орусиянын премьер-министри болуп кайра дайындалган Михаил Мишустин Мамлекеттик думага өкмөттүн жаңы курамын сунуштады. Анда мурда вице-премьердин биринчи орун басары болгон Андрей Белоусов жана экс-вице-премьер Виктория Абрамченко жок.    Алардын башка кызматтарга дайындалары айтылууда.

Мишустин биринчи вице-премьер-министрликкн Денис Мантуровду сунуштады. Мантуров ал вице-премьер-өнөр жай соода министри болгон.  Экономикалык блокту Александр Новакка жүктөлмөй болууда.  

Виктория Абрамченконун ордуна Дмитрий Патрушев сунушталды, ал Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевдин уулу, айыл чарба тармагын башкарчу.  

Билим берүү министри болуп Дмитрий Чернышенко калат, саламаттык сактоо министри Татьяна Голикова да калат. Вице-премьерлер Алексей Оверчук, Юрий Трутнев, Марат Хуснуллин да калат. Төрт губернаторго жаңы кызмат берилгени турат.  

2024-жылы 10-майда Мамлекеттик дума Михаил Мишустинди Орусиянын өкмөтүнүн башчылыгына бекитти. Өкмөт курамы 13-14-майда Мамдумада каралары күтүлүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Михаил Мишустунду кызмат ордуна кайра дайындалышы менен куттуктаганын да кошумчалай кетели.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты