Орусиянын Новосибирск облусунда 15 миңден ашык кыргыз жана 50 миңден ашык мекендештер жашаары айтылды   

  • 2 месяца мурун

Орусиянын Новосибирск облусунда 15 миңден ашык кыргыз жана 50 миңден ашык мекендештер жашайт.    

Бул тууралуу 21-мартта Новосибирск шаарындагы башкы Кыргызстандын башкы консулу Айбек Айдарбеков губернатор Андрей Травниковдун Новосибирск облусунда аккредитацияланган консулдук мекемелердин жетекчилери менен жылдык жолугушуусунда айтты.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, жолугушууда башкы консул Айбек Айдарбеков Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы союздаштык жана стратегиялык мамилелердин жогорку деңгээлин белгиледи. Ошону менен бирге, Новосибирск облусунда Кыргызстандын 15 миңден ашык жараны жана 50 миңден ашуун мекендештер жашаганын белгиледи.

Мындан тышкары Айбек Айдарбеков өткөрүлгөн маданий-гуманитардык жана илимий-билим берүү иш-чаралары тууралуу айтып берди. Тактап айтканда, Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын гастролдоруна колдоо көрсөткөндүгү үчүн облус жетекчилигине ыраазычылык билдирип, Новосибирск шаарындагы “Красный факел” драмтеатрынын артисттер тобун 2025-жылдын сентябрында Бишкек шаарына чакырды.

Жолугушууга Өзбекстан, Тажикстан, Мьянма, Беларусь, Казакстандын консулдуктарынын жана Россиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Сүрөт: КР ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты