Орусиянын Кемерово облусунда шахтанын жарылышына байланыштуу аза күтүү күндөрү жарыяланды

  • 2 года мурун

Орусиянын Кемерово облусунда «Листвяжная» шахтасынын жарылышындагы адам курмандыктарына байланыштуу 26-ноябрдан 28-ноябрга чейин аза күтүү күндөрү жарыяланды.

Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путинге Кемерово облусундагы шахтадагы авариянын натыйжасындагы адам курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты.

«Россия Федерациясынын Кемерово облусундагы «Листвяжная» шахтасында болгон авариянын натыйжасында шахтерлордун каза болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды терең өкүнүч менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бул кырсыктан жапа чеккендердин бардыгынын тезирээк сакайып кетишин каалайм» деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.

Орусиянын Кемерово облусунда  “Листвяжная” шахтасынын жарылуусунан, ТАССтын 26-ноябрдагы маалыматы боюнча, 52 киши каза тапты. Алдын ала маалымат боюнча ал шахта аман калган кишилер болгон эмес.

Шахтанын жарылышынын болжолдуу себеби метандын жарылуусунан болгон деп эсептелүүдө.

РБКнын маалыматына караганда, “Листвяжная” шахтасынын директору Сергей Махраков, анын биринчи орун басары, участоктун башчысы кармалды. Аларга кооптуу өндүрүш объектисинде өнөр  жай коопсуздугун бузгандыгы боюнча айып коюлууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты