Орусиянын Кабулдагы элчилигинин жанында жардыруу болду

  • 2 года мурун

5-сентябрда Орусиянын Ооганстандагы элчилигинин жанында жардыруу болду. Ырастала элек маалыматтар боюнча, жарылуудан каза болгондор жана жараат алгандар бар. Алардын арасында орусиялык дипломаттар да болушу мүмкүн.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, жардырууну жанкечти ишке ашырган. Ошол эле маалда басылма «Талибан» кыймылынын өкүлдөрүнө шилтеме кылып, элчиликти күзөтүп турган ооган күчтөрү кол салган адамга карата ок чыгарышканын жазды.

«РИА Новости» агенттиги өз булактарына таянып, жарылуу орусиялык дипломат виза алууну каалагандардын тизмесин алып, кезекте турган жарандар менен жолугуу үчүн сыртка чыкканда болгонун кабарлады. Каза болгондор жана жараат алгандардын саны 15-20 киши деп бааланууда. Жергиликтүү журналисттердин айтымында, алардын арасында дипломаттар да болушу мүмкүн.

Азырынча Орусиянын элчилиги жардыруу боюнча расмий комментарий берүүдөн баш тартты.

Орусия дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле Ооганстандагы талибдер түзгөн өкмөттү тааныган эмес, бирок Кабулдагы дипломатиялык өкүлчүлүгү ишин улантып келет.

Сүрөттө: Орусиянын Кабулдагы элчилиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты