Орусиянын футболдук союзу Азия футбол конфедерациясына өтүшү мүмкүн

  • 1 год мурун

Орусия футболдук союзунун аткаруу комитети жакынкы жыйынында өлкөнү Европа футбол ассоциациясынан (УЕФА) Азия футбол конфедерациясына (АФК) өткөрүү маселесин карашы мүмкүн. Бул тууралуу жекшемби күнү аталган комитеттин башчысы Александр Дюков билдирди.

«Мындай чечим кабыл алынат деп ишенимдүү айта албайм, бирок кырдаал маселени талкуулоону талап кылууда. Бир нече ай мурда мен өзүм деле АФКга өтүү жөнүндө айтуу азырынча эрте деп эсептечүмүн. Бирок азыр мындай мүмкүндүктү карап көрүү зарыл” деди ал.

Ошол эле маалда Дюков азырынча Орусиянын Азияга өтүүсү тууралуу АФКнын өкүлдөрү менен сүйлөшпөгөнүн белгиледи. Анын айтымында, Украинага кол салганы үчүн орус командаларынын эл аралык мелдештерден четтетилегенине карабастан, Европа дале Орусияны «европалык үй-бүлөнүн мүчөсү» деп эсептеп келет.

Акыркы кездери Орусия футболдук союзунун АФКга өтүү ыктымалдыгы жөнүндө бир катар орусиялык ЖМКлар жазып келишкен. Бирок эч кандай расмий билдирүү жасала элек болчу.

Орусия АФКга мүчө болуп кирсе, бул уюм өткөргөн расмий беттештерге катыша алышы мүмкүн. Анткени Европадан айырмаланып Азиядагы өлкөлөрдүн көбү Украинадагы согуш боюнча нейтралдуу позицияны карманып турушат жана Орусияны мелдештерден четтетүү ыктымалдыгы төмөн.

Орусиянын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Валерий Карпин АФКга өтүүгө каршы эмес. Европага кайтуубузду дагы канча күтүшүбүз керек экени белгисиз, ошондуктан Азияга кошулалы». Бул идеяга Орусия футболдук союзунун мурдагы башчысы Вячеслав Колосов каршы пикирин билдирди: «Эгер сазга баткыңар келсе анда кошула бергиле».

Орусиянын футбол боюнча курама командасы расмий мелдештерден четтетилгенден кийин үч жолдоштук беттеш өткөрдү. Алардын баары АФКга мүчө өлкөлөр – Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан. Босния жана Герцеговина курамасы Орусия менен жолдоштук беттеш өткөрүүдөн баш тарткан.

СССРдин Футбол федерациясы УЕФАга 1954-жылы мүчө болуп кирген. Орусия Футболдук союзу анын мураскери катары бул уюмда кала берген.

Географиялык жактан алганда Орусия Европада да, Азияда да жайгашкан. Аймагы толугу менен же жарым-жартылай Азияда жайгашкан бир катар өлкөлөрдүн Футбол федерациялары УЕФАга мүчө – Түркия, Казакстан, Армения, Азербайжан, Грузия, Израиль. Тескерисинче Европадагы өлкө АФКга мүчө болгон мисалдар жок.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты