Орусиянын авиациялык чабуулунан Украинада 11 киши каза тапты

  • 1 год мурун

26-январдагы орус армиясынын авиациялык соккуларынан Украинанын шаарларында бери дегенге эле 11 киши каза болуп, 10дон ашыгы жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө адамдар кайсы шаарларда каза тапканы такталган эмес. Буга чейин Киевдин мэри Виталий Кличко баш калаага жасалган чабуулдан кеминде бир киши набыт болуп, эки адам жараат алганын билдирген.

26-январь күнү күндүз Украинанын Днепропетровск, Киев жана Винница облустарында, ошондой эле Одесса шаарынын айланасында жарылуулар болгону кабарланган. Болжол менен соккулар энергетикалык объектилерге тийген. Ракеталык чабуул коркунучунан улам бир нече облуста жарык өчүрүлүп, Одесса, Кривой Рог сыяктуу бир катар шаарларда электр транспорттору толук токтотулган.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы Валерий Залужный жалпысынан өлкө аймагына атылган 55 ракетанын 47си атып түшүрүлгөнүн билдирди. Ага чейин украин тарап орус күчтөрүнүн түнкү чабуулунда 24 дрон жок кылынганын, анын 15и баш калаа Киевдин үстүнөн атып түшүрүлгөнүн кабарлаган. Бирок Днепр шаарынын бийлиги кабарлагандай, дрондордун бири калаадагы өнөр жай ишканаларынын бирине тийген. Согуш маалында бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн боло элек.

ЖМКлар орус армиясы Каспий деңизинен канаттуу ракеталарды атканын жазышты. Бирок азырынча бул маалыматтын чын-төгүнү ырасталган жок.

Орусиянын Коргоо министрлиги жаңы ракеталык чабуулдар боюнча комментарий бере элек.

Орусия акыркы жолу Украинанын аймагына жапырт ракеталык соккуларды 14-январда жасаган. Анда ракеталардын бирин Днепр шаарындагы көп кабаттуу үйгө тийип, бери дегенде эле 40 тургун өлгөн.

Орусиянын Коргоо министрлиги 14-январда «Украинанын аскердик башкаруу системаларына» ракеталык соккулар жасалганын билдирген.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты