Орусиялык альпинист изделүүдө
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 21-февралда, орусиялык Г.Е. аттуу альпинистти издөө башталды.
Баштапкы маалымат боюнча, альпинист Лейлек капчыгайындагы Аксуу чокусунан акыркы жолу 16-февралда байланышка чыккан. Андан соң альпинист менен байланыш үзүлгөн. Аталган чоку Баткендин Лейлек районунда жайгашкан.
Учурда дайынсыз болуп жаткан орусиялык жаранды издөөгө 20-февралда жалпы жети куткаруучу жөнөтүлгөн. Жоголгон адамды издөөгө орусиялык үч альпинист кошулду.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү