Орусиядан өрт өчүрүүчү машиналардын биринчи партиясы келди

  • 3 года мурун

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Орусиядан жаңы өрт өчүрүүчү автоунаалардын биринчи партиясы келди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 2022-жылдын февраль айына чейин дагы 58 автоунаа келет. Орусиядагы заводдон чыгарылган атайын техниканы алууга Дүйнөлүк банк көмөктөшкөн.

Быйыл жайында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев эл аралык донорлор аркылуу Кыргызстанга 80ден ашык өрт өчүрүүчү техника, эки тик учак жана кошумча жабдыктар гранттык негизде келерин билдирген.

Мындан тышкары Кытайдан алты мобилдик госпитал, 100гө жакын өрт өчүрүүчү техника бекер берилерин айткан.

Кыргызстанда жыл башынан тартып үч миңдей өрт кырсыгы катталып, 40ка чукул киши каза болгон. Өлкө боюнча 200дөй машине, 2 миңдин тегерегинде өрт өчүрүүчү бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты