Орусияда жолдо кол салууга туш болгон кыргызстандыктар тууралуу маалымат берилди

  • 2 года мурун

Орус-казак мамлекеттик чек арасына жакын жердеги “Озинки” автомобилдик өткөрүү пунктуна бараткан жолдо кыргызстандыктар катышкан окуя боюнча КР тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады. Анда болгон окуя боюнча Россия Федерациясынын кылмыш-кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгондугу белгиленди.   

Билдирүүдө белгиленгендей, Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери аныктаганы боюнча, Саратов облусунун “Озинки” автомобиль өткөрүү пунктунда унаа ээлеринин ортосунда кезек алуу боюнча талаш-тартыш орун алган.   

Чек арадан өткөндөн кийин Москва шаарына бараткан жолдо,  Саратов облусунун Ершово калктуу пунктунда мурун талашып-тартыша кеткен жергиликтүү таксисттер 3 машинеде бараткан 10 кыргызстандык жарандын жолун тороп, айдоочуну жана жүргүнчүнү сабашкан, машинанын айнегин сындырып, дөңгөлөгүн тешип, кузовду мыйшыйттырган.   

Бул иш боюнча Россия Федерациясынын кылмыш-кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.   

Кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.    

Орусиянын  ички иштер бөлүмүнүн маалыматы боюнча, кыргызстандык жарандардын арасында оор жаракат алгандар жок, жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлгөн.   

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери 24-августта Саратов облусунун Ершов районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана кыргызстандык жарандар менен  жолугушкан.    

Иллюстрациялык сүрөт. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты