Орусияда тик учак кулап, бир киши каза болду

  • 1 год мурун

Орусиянын Кострома облусунда Ми-2 тик учагы кулап, бир киши каза болуп, төрт киши жаракат алды.

Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.

Тик учак Кострома шаарынын жакасындагы Сокеркино аэропортуна конуу үчүн баратканда кулаган. Ичинде бейтап киши менен аны коштогон дарыгерлер бараткан. Баштапкы маалыматтарга ылайык, ооруулуу каза болуп калган.

Облустун губернатору Сергей Ситников экипаж мүчөлөрү байланышка чыккандыгын жана куткаруу иштери уланып жаткандыгыгын Телеграм каналында жазды.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты