Орусияда өспүрүмдөр уулун жактаган кыргызстандыкты кескич менен сайгылады

  • 12 месяцев мурун

Кыргыстандын массалык маалымат каражаттарына чыккан Орусияда өспүрүмдөр уулун жактаган кыргызстандыкты кескич менен сайгылагандыгы тууралуу маалымат боюнча КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 1-майда билдирүү таратты.  

“В России подростки изрубили тесаком уроженца Кыргызстана, который заступился за сына» аталышындагы маалымат боюнча, Россиядагы элчиликтин Якутскдеги кеңсеси Мирный шаарындагы “Достук” кыргыз диаспора уюмунун жетекчисинин маалыматына ылайык,  төмөндөгүнү билдирди.

“Достук” кыргыз диаспора уюмунун өкүлдөрү менен  жергиликтүү  ыйгарым укуктуу мекемелердин, анын ичинде тергөө кызматынын жетекчилери менен жолугушуулар жүргүзүлгөн. Окуя боюнча кылмыш иши козголгон. 
Болуп өткөн окуя боюнча кылмыш иши Саха (Якутия) Республикасынын тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө.
“Достук” уюмунун жетекчисинин айтымында, жабырланган мекендеш А.У.( Арстанов Улан-ред.) Россия Федерациясынын жараны болуп эсептелет. Учурда анын ден соолугу жакшырууда,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин ЖМКда өспүрүмдөр мушташа кеткени, мушташты көргөн атасы уулуна болушууга чыкканда аны бычак сындуу кескич менен сайгылап, ал реанимацияга жаткырылгандыгы кабарланган.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты