Орусияда мигранттарга жардам берген укук коргоочу айып изоляторуна киргизилди

  • 3 месяца мурун

«Мемориал» укук коргоо борборунун мүчөсү, мигранттардын укугун коргоп келген, былтыр түрмөгө кесилген Бахром Хамроев Владимир облусундагы айып изоляторуна жиберилди.

Бул түрмө «Владимирский централ» деген ат менен таанымал. Хамроевдин айып тергөө абагына камалышына «кийим формасын сактабаганы» себеп болгонун «Медиазонага» укук коргоочунун жубайы Зухра билдирген.

Анын сөзүнө караганда, укук коргоочу формасын ага дары берилбей, оору кыйнаган учурларда чечүүгө аргасыз болгон. Мурдараак Хамроевди түрмө кызматкери сабаганы белгилүү болгон. Укук коргоочу кызматкерден абакта кармалгандардын укугу тебеленгени жана шарттын начардыгы тууралуу жазылган даттануусун кабыл алуусун талап кылган.

«Аны буттарына, бөйрөгүнө урушкан. Башына урулган соккудан эсин жоготуп койгон» деп билдирген жубайынын айтуусунда, дарыгерлер Хамроевдин жаракаттарын каттоодон баш тартышкан. Кийинчерээк прокуратуранын өкүлү каттаган.

«Мемориал» укук коргоо борборунун мүчөсү Бахром Хамроев мигранттардын укугун коргогон фондду жетектеген. Ал 2022-жылы февралда «террордук уюмду уюштуруу ишмердүүлүгүнө» айыпталып, кармалган. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Хамров интернетке Орусияда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» ислам партиясынын ишмердүүлүгү тууралуу материалдарды жарыялап турганын билдирген.

2023-жылы майда сот укук коргоочуну 14 жылга эркиндигинен ажыраткан.

«Хизб ут-Тахрир» Орусияда экстремисттик-террордук деп табылып, 2003-жылы тыюу салынган. Уюмдун мүчөлөрү сот тарабынан түрмөгө камалышкан. Алардын көпчүлүгү аннексияланган Крымдын активисттери.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты