Орусияда Meta компаниясы террористтердин тизмесине киргизилди

  • 1 год мурун

Орусияда согушка каршы «Весна» жаштар кыймылы менен Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүнө ээлик кылган америкалык Meta корпорациясы экстремизмге жана терроризмге тиешеси бар уюмдардын тизмесине киргизилди.

Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги Каржы көзөмөлү боюнча федералдык кызматка шилтеме кылып кабарлады.

Сентябрдын аягында Санкт-Петербург прокуратурасы «Весна» жаштар кыймылын экстремисттик деп таап, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салууну талап кылган. Орусия Украинага басып киргенден кийин «Весна» жарандарды согушка каршы митингдерге жана акцияларга катышууга чакырган.

Май айында бул кыймылдын сегиз мүчөсүнө «Жарандардын инсандыгын жана укуктарын бузган бейөкмөт уюм түзүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Сентябрда бул иш «Адамдарды жапырт башаламандыктарга тартуу» беренеси менен март айында козголгон кылмыш ишине бириктирилип, бир өндүрүшкө алынганы белгилүү болгон. «Веснанын» мүчөлөрү бул беренелер менен күнөөлүү деп табылса, он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Быйыл марттын аягында Москва шаардык соту америкалык Meta корпорациясынын ишмердүүлүгүн экстремисттик деп таап, Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүнө тыюу салынган. Анда корпорацияга таандык WhatsApp мессенджерине тыюу салынбаганы, анткени ал «жалпы элге маалымат таратпай турганы» кабарланган. Ошол эле маалда тыюу салынган соцтармактарды колдонуу үчүн жарандар менен уюмдарга эч кандай жаза каралган эмес.

Орусияда Каржы көзөмөлү боюнча федералдык кызматтын бул тизмесине киргизилген адамдар менен уюмдардын бардык эсептери жана банк карталары бөгөттөлөт. Бүгүнкү күнгө карата экстремизм менен терроризмге тиешеси бар уюмдардын тизмесине 534 уюм киргизилген. Алардын арасында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фонду жана штабы бар.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты