Орусияда мектептерде сабак маалында телефон колдонууга тыюу салынды

  • 2 года мурун

Орусиянын мектептеринде жаңы окуу жылынан тартып мобилдик телефон колдонууга тыюу салынды.

Бул тууралуу бул өлкөнүн агартуу министри Сергей Кравцов жалпы орусиялык ата-энелер жыйынында билдирди.

“Жаңы санитардык эрежелерге ылайык, бизде жаңы окуу жылынан баштап сабак маалында, белгилеп кетейин, сабакта мобилдик телефон колдонууга жол берилбейт. Бул окуучуларды сабактан алагды кылбоо үчүн жасалууда”деди министр.

Министр өзгөчө абал жаралса, ата-энеге чалууга туура келсе, мугалимге кайрылуу керектигин кошумчалады.

Кравцов мобилдик телефондорду колдонуу балдардын саламаттыгына терс таасирин тийгизе турганын да белгиледи.

Апрелде Сергей Кравцов мектептерге сабак алдында мобилдик телефондорду мугалимдерге тапшыруу боюнча сунуш жөнөтө турганын айткан.

Орусиянын Агартуу министрлиги 2019-жылы эле мектептерде мобилдик телефондорду колдонууга чектөө киргизүүнү сунуштаган.

Анда сабак учурунда телефон колдонууну чектөөнү окуучулардын 61%, ата-энелердин 89% жана мугалимдердин 90% колдогон.

Көптөгөн европалык өлкөлөрдө гаджеттерге тыюу салынган эмес, бирок мектептерде аны колдонууга чектөөлөр бар. Маселен, Францияда 2018-жылдан бери башталгыч жана орто мектептердин окуучуларына мобилдик телефон колдонууга тыюу салынган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты