Орусияда кыргызстандык курулушта бийиктиктен кулап көз жумган

  • 1 месяц мурун

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы (ТИМ) Орусиянын Ставрополь крайындагы курулуш объектисинде кыргызстандык жарандын каза тапканынан байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирди:

“2025-жылдын 5-мартында 1992-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кырсыктан, курулуш объектисинде бийиктиктен кулап каза болгон. КР элчилиги жана эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү тарабынан маркумдун сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө жардам көрсөтүлгөн. Учурда компенсациялык төлөмдөр боюнча маселеси каралып, маркумдун туугандары менен тыгыз байланышта тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө” деп айтылат ТИМ басма сөз кызматынын 9-марттагы билдирүүсүндө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты