Орусияда үйүнө 600дөн ашык адамды каттоого тургузган укук коргоочуга айып салынды

  • 1 месяц мурун

Орусиянын Обнинск шаарынын судьясы 72 жаштагы укук коргоочу, «Адам укуктары үчүн» кыймылынын лидери Татьяна Котлярга чет элдиктерди мыйзамсыз каттоого тургузуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 450 миң рубль айып пул салды. Бул тууралуу Sota басылмасы кабарлады.

Сот айып пулдан тышкары Котлярга батирине жаңы адамдарды каттоого тыюу салды. Ал Sota басылмасына берген комментарийинде прокуратура апелляциялык арызында азыркы жазаны катаалдатууга аракет кылат деп кооптонуп жатканын айтты.

Мурдараак жарыш сөз учурунда прокурор укук коргоочуну бир жарым жыл жатак абакка кесүүнү өтүнгөн.

Котляр – «Адам укуктары үчүн» кыймылынын Калугадагы бөлүмүнүн лидери. Ал каттоого тура албаган адамдарды өзүнүн батирлерине каттап келгени менен белгилүү.

«Адамдарга жардам берүү үчүн аларды үйүмө каттатып турам. Каттоосу жок Орусия жарандары да укуктарын ишке ашырууда кыйынчылыктарга туш болушат. Бул үчүн мени соттоп жатышат. Маселен, мага ВИЧ менен ооруган селсаяк кайрылган. Ал эски паспортун жоготуп алган, каттоосу жок болгондуктан жаңысын беришкен эмес. Ансыз ал терапия үчүн дары сатып ала албайт» деди Котляр.

Бул Котлярга козголгон жетинчи кылмыш иши. Буга чейин ага айып пул салынып келген. Акыркы жолу былтыр жайында 600 миң рубль доого жыгылган. Февралда сот Котлярга батирлеринин бирине алтыдан, экинчисине бештен ашык адамды каттоого тыюу салган.

Сүрөттө: Татьяна Котляр. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты